Швейцариянын бийлиги БУУнун Дүйнөлүк соода программасы аркылуу 2.5 млн франк каражатын бөлгөн. Бөлүнгөн каражаттар COVID-19 менен ооруган кыргызстандыктарды колдоого багытталат. Бул тууралуу КР Өнөктөштөрдү өнүктүрүү координациялык кеңештен маалымдашты.
Каражаттар жакырчылыкта жашаган 80 миң үй-бүлөгө берилет.
«Швейцария бийлиги жана эли Кыргызстан менен бирге коронавирустан жабыр таркткан калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүп жатканына сыймыктанат. Мындай оор күндөрдө БУУнун Дүйнөлүк соода программасы жакыр үй-бүлөлөргө каражатын сактоого жардам берет», — деп билдирди Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероник Ульманн.