Өзгөндөгү авариялык абалдагы мектепке 28 млн сом бөлүнөт

10.01.2020, 16:30 Акчабар
Өзгөндөгү авариялык абалдагы мектепке 28 млн сом бөлүнөт

Өзгөндөгү Маматисак Ботобеков атындагы орто мектебинин капиталдык ремонту үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 28 млн сом бөлүнө турган болду. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди. 

Вице-спикер Аида Касымалиева, депутат Сагындык Келдибаев жана Курманкул Зулушев Өзгөн районунун Кароол айылынын эли менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда  «1000ге жакын окуучу 3 нөөмөт менен оңдоп-түзөө үчүн зарыл болгон эски мектепте окуп келишкен. Кыш мезгилинде жылытуу системасы жок, суук класстарда билим алышууда. Аны оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү муктаждыгы туурасында жергиликтүү тургундар бир нече жолу кайрылышкан. Элдин суранычын эске алып, республикалык бюджеттин эсебинен 28 млн сом бөлүнө турган болду. Бул каражатка мектепти толугу менен капиталдык ремонттоо иштери аткарылат», — деди Аида Касымалиева.

Жолугушуунун жүрүшүндө, 2019-жылга карата жигердүү иш алып барган муниципалдык кызматкерлерине ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

 

 

Тэги: ремонт школы Узген республиканский бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу