Жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн Минкаб «Айыл Банкка» 426,6 млн сом бөлдү

07.10.2021, 11:50 Акчабар
Жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн Минкаб «Айыл Банкка» 426,6 млн сом бөлдү

Министрлер кабинети "Айыл Банк" ААКсына өзүнчө кредиттик линия ачуу жана айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 426,6 млн сом бөлдү. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

"Айыл Банкка" лизинг үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген кредиттерди берүү сунушталат, жылдык 4,5% ставкасы, баштапкы депозитинин өлчөмү акчалай түрдө лизингге берилген активдин наркынын кеминде 10% болот.

Лизинг предмети күрөө катары иштейт. Карызды жабуу графиги бузулган учурда, чегерүү ар бир кечиктирилген күн үчүн ижара акысынын негизги суммасынан ашпаган, мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу