Аптанын аягына чейин мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 1,7 млрд сом тартылат

23.11.2021, 13:48 Акчабар
Аптанын аягына чейин мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 1,7 млрд сом тартылат

Улуттук банк 25-26-ноябрда мамлекеттик казына векселдерин жана облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Баалуу кагаздардын эмиссиясынын пландалган көлөмү 1 миллиард 730 миллион сомду түзөт.

25-ноябрда 70 миллион сомго мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Эртеси, 26-ноябрда, 1 миллиард 660 миллион сомдук 3 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөттөгү мамлекеттик облигациялар сатыкка чыгарылат. Каражаттын басымдуу бөлүгүн, тактап айтканда, 1,16 миллиард сомду 20 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен камсыздоо пландалууда.

Тэги: госбумаги бюджет Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу