26-мартта өткөн аукциондун жыйынтыгында, 10 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешеси 11.69% түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.
Кошумчалай кетсек, банк кошумча 10 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды 400 млн сомго жайгаштыруу боюнча маалымдаган. Аукциондон тышкары баалуу кагаздарды жайгаштыруу 29-мартта өтөт.