Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,42%, 12,78%, 13,41% жана 15,18%ды түздү.
Өткөн аптанын 1-ноябрында өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк ноталардын орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 0,04%, 0,18% жана 0,06%га төмөндөдү.
Бирок, жүгүртүү мөөнөтү 91 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү мурдагы деңгээлинде калды.
Эске салсак, аукциондо Улуттук банк банк тутумунан 14,6 миллиард сом ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаган.