Жети күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,06%га төмөндөдү

22.11.2022, 17:18 Акчабар
Жети күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,06%га төмөндөдү

Улуттук банк бүгүн, 22-ноябрда жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды. 

Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,69%, 13,01%, 13,53% жана 15,20%ды түздү.

Өткөн 15-ноябрдагы жайгаштыруу менен салыштырганда 7 жана 14 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 0,06% жана 0,01% төмөндөгөн. Жүгүртүү мөөнөтү 28 жана 91 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 0,03% жана 0,01%га өскөн.

Эске салсак, аукциондо Улуттук банк банк тутумунан 11,3 млрд сом ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаган.

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана доходность нот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу