2-мартта өткөн аукциондун жыйынтыгында 7-, 14-, 28- жана 91 күндүк ноталардын кирешеси 4.19%, 4.71%, 4.88% жана 4.19% түздү. Бул тууралуу регулятор билдирди.
Улуттук банк кыска мөөнөттүү баалуу кагаздардын эсебинен 4.1 млрд сом тартууну көздөгөн. 24-февралда өткөн аукционго салыштырмалуу ноталардын кирешеси 0.03%, 7 күндүк баалуу кагаздыкы 0.07%, 14 күндүк баалуу кагаздыкы 0.09% жогорулады.
Белгилей кетсек, 91 күндүк ноталардын кирешеси 0.14% өстү.