Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгү кайрадан жогорулады

22.12.2021, 10:16 Акчабар
Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгү кайрадан жогорулады

Кечээ, 21-декабрда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,68%, 7,01% жана 7,29% түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

14-декабрдагы ноталарды жайгаштыруу менен салыштырганда бардык ноталардын кирешелүүлүгү жогорулаган. Алсак, 7 күндүк өсүш - 0,09%, 14 күндүк - 0,03%, 28 күндүк - 0,04% түзгөн.

Эске салсак, 21-декабрда Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу жолу менен банк системасынан 8,1 млрд сом алууну пландаштырган.

Тэги: нот банковская ликвидность Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу