2019-жылдын январь-февралында мамбюджетке 16,2 млрд сом киреше келип түштү

07.03.2019, 11:00 Акчабар
2019-жылдын январь-февралында мамбюджетке 16,2 млрд  сом  киреше келип түштү

2019-жылдын январь-февралында республикалык бюджеттин жыйынды кирешеси 16,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жарыялады. 

Болжолдуу маалыматтар боюнча, (МИП каражаттарын жана 2019-жылдын январы үчүн гана көрсөтүлгөн МИД атайын каражаттарын эсепке алганда) 2019-жылдын январь-февралында республикалык бюджетке 16 млрд 205,1 млн сом суммасында жыйынды киреше келип түштү, анын ичинде бюджеттик каражаттар боюнча 14 млрд 638,2 млн сом суммасында жыйынды киреше келип түштү (пландык көрсөткүч – 15 млрд 836,2 млн сом болчу). Кассалык план 92,4 % аткарылды же түшпөй калуулар номиналдык суммада 1 млрд 198 млн сомду түздү. Ошондой эле кирешелердин 2018-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 15,1 %га же 2 млрд 873,1 млн сомго азайгандыгы белгиленди.

Республикалык бюджетке 13 млрд 736,1 млн сом суммасында салыктык киреше келип түштү (план боюнча 14 млрд 708,9 млн сом келип түшмөк). Кассалык план 6,6 %га же 972,8 млн сомго аткарылбай калды. 2018-жылдын январь-февралындагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 14,3 %га же 2 млрд 298,2 млн сомго азайды.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 8 млрд 686,5 млн сом суммасында салыктык киреше чогултулду (план боюнча 9 млрд 918,8 млн сом чогулмак), кассалык пландын 12,4 %га аткарылбай калуусу 1 млрд 232,4 млн сомду түздү. 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 86,8 %ды түздү же 1 млрд 324,8 млн сомго төмөндөдү.

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 5 млрд 49,6 млн сом суммасында бажы салыктары жана төлөмдөрү чогултулду (план боюнча 4 млрд 790 млн сом чогултулмак).

Кассалык план 259,6 млн сомго же 5,4 % ашыгы менен аткарылды. 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу МБКнын салыктык кирешелери 16,2 %га же 973,4 млн сомго азайып кетти.

Салыктык эмес кирешелер боюнча республикалык бюджетке 2 млрд 306,7 млн сом келип түштү, анын ичинде бюджеттик каражаттар боюнча 901,7 млн сом келип түштү (кассалык план боюнча, 1 млрд 127,3 млн сом келип түшмөк). Ошентип, план 20 %га аткарылбай калды же 225,6 млн сом чогултулган жок. 2018-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу салыктык эмес кирешелер 2 %га же 44,8 млн сомго көбөйдү.

2019-жылдын январь-февралында республикалык бюджеттин жыйынды кирешелери 16 млрд 205,1 млн сомду түзсө, жыйынды чыгашалары 16 млрд 250,6 млн сомду түзүп, натыйжада республикалык бюджет 45,5 млн сом суммасындагы тартыштык менен аткарылды.    

Ошону менен бирге тартыштыкты жабуу булактары боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы 5 млрд 146,1 млн сомду түздү, анын ичинде:

Ички булактар – 6 млрд 208,5 млн сом,

Тышкы булактар – 1 млрд 62,4 млн сом.

Тэги: бюджет доходы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу