Бюджеттин кирешеси 2025-жылы былтыркыга караганда эки эсе көп болот

26.10.2022, 11:08 Акчабар
Бюджеттин кирешеси 2025-жылы былтыркыга караганда эки эсе көп болот

Каржы министрлиги бюджеттин кирешеси кийинки жылдары, 2025-жылга чейин жыл сайын акырындык менен көбөйөрүн болжолдоодо. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Эгерде 2021-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 187,4 миллиард сомду түзсө, быйыл 282,1 миллиард сом болоору күтүлүүдө. Өсүү темпи 150,53%, же 50,53% түзүүдө.

Белгилеп кетсек, бул 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилдеги эң жогорку көрсөткүч. 2023-жылдан баштап орточо жылдык өсүү темпи 116,3%ды түзүп, 2025-жылга карата бюджеттин кирешеси 443,8ге чейин өсөт. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 136,8%га көп.

Быйыл жана кийинки жылдардагы кирешенин негизги булагы салыктык түшүүлөр болот. Алсак, 2023-жылы салыктык түшүүлөр бюджеттин бардык кирешелеринин 81,7%ын түзөрү күтүлүүдө.

Тэги: новости Кыргызстана экономика бюджет деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу