Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кирешеси 44 млн сомго чейин төмөндөшү мүмкүн

21.01.2021, 17:30 Акчабар
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кирешеси 44 млн сомго чейин төмөндөшү мүмкүн

2021-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кирешеси 74 млн сомду түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу МИКтин өкүлү Эльмира Абжапарова билдирди. 

 

 

Азыркы учурда компания өкмөттүн чечимине ылайык, компаниянын кирешесин төмөндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Муну менен катары МИКтин кирешеси 44 млн сомго төмөндөйт. 

 

2020-жылы компаниянын кирешеси 62 млн сомду түзгөн, 2019-жылы бул көрсөткүч 25 млн сомго жеткен. Андан сырткары, дээрлик 1 миңге жакын үй-бүлө пандемияга байланыштуу насыянын төлөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу же насыя каникулун берүү боюнча арыз менен кайрылышкан. Жыйынтыгында 1 миңге жакын үй-бүлөгө жеңилдиктер каралган. Кирешенин төмөндөөсү дээрлик 44 млн сомду түзгөн. 


 

Тэги: ГИК льготная госипотека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу