Ушул жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешелери алдын-ала маалыматтар боюнча 75 миллиард 327 миллион 264,7 миң сомду түздү. Мындай маалыматтарды республиканын Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Алардын 88,74% республикалык бюджеттин кирешелери, калган 11,25% жергиликтүү бюджеттердин кирешелери.
Бюджеттин көпчүлүк бөлүгү - 53 миллиард 760 миллион 987,2 миң сомду салыктык кирешелерден түшкөн.