Быйыл январь-сентябрь айларында байланыш кызматын көрсөтүүдөн алынган киреше 18,1 миллиард сомду түздү, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 6,6%га өскөн.
Муну менен бирге почта жана курьерлик кызматтан түшкөн кирешелер 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5,2% га азайып, 570,7 млн сомду түздү.