Кыргызстандын ишканаларынын насыяга болгон карыздарынын көлөмү 78 млрд 331 млн сомду түзгөн. 2015-жылга салыштырмалуу карыздар 34.8%, өткөн жылга салыштырмалуу 5% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы берилген насыянын 32% өнөр-жай өндүрүшүнө тийиштүү. Жалпы көлөм 49.1 млрд сомду түзгөн.