Коммерциялык банктар 20-октябрда банктар аралык валюта аукциондорундабеш миллион доллар сатып алышты.Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Анын ичинен 2 миллион 250 миң доллар бүтүм түзүлгөн күнү, дагы 2 миллион 750 миң доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептелген.
Өткөн күнгө салыштырмалуу банктар арасында чет элдик валютага суроо-талап 29,87%га азайган. Ошол эле учурда америкалык валютанын наркы, тескерисинче, 0,4%га өсүп, 82,3 сомдон 83,6 сомго чыкты.
Кошумчалай кетсек, 19-октябрдан тарта валюта соодасында доллар бекемделе баштаган.