18-сентябрдан бери алгачкы жолу АКШ долларынын сомго карата официалдуу курсу 0.14% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Регулятордун маалыматына ылайык, 2-октябрга карата америка валютасынын официалдуу курсу 79.4881 сомду түзөт. Коммерциялык банк жана акча алмаштыруучу жайларда 79.25 сатып алышып, 79.5 сомдон сатышууда.
Ошол эле учурда рубль кайрадан өз позициясын жандандырууда. 2-октябрга карата +1.81% кошуп, 1.0286 сомду түздү.