Досаев: Балык бизнеси - абдан перспективдүү заманбап багыт

25.03.2021, 17:30 Акчабар
Досаев: Балык бизнеси - абдан перспективдүү заманбап багыт

 Мурда болгон кыйынчылыктар азыр азая баштады. Бул тууралуу «Экономиканы өнүктүрүү, соода, өнөр жайы, айыл чарбасын илгерилетүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу» аттуу тегерек столдо Кыргызстандын балык чарба ассоциациясынын жетекчиси Олег Досаев билдирди.

 

Ал белгилегендей, балык бизнеси - популярдуулукка ээ болуп келе жаткан жана абдан перспективдүү заманбап багыт.

«Биз балыктарды көп өстүрө баштайбыз. Акыркы 5 жыл ичинде биз өзүбүздү көрсөтө алдык. Биздин балыктар ички рынокто гана эмес, ошондой эле өлкөнүн чегинен тышкары дагы суроо-талапка ээ. Бул багытты өнүктүрүү үчүн, биз өндүрүштү көбөйтүшүбүз зарыл. Бул үчүн эл аралык инвестицияларды тартуу керек, анткени жергиликтүү капитал жетишсиз. Албетте, жакшы инвестициялык климат болушу үчүн өлкөдө экономикалык жана саясий стабилдүүлүк талап кылынат. Биз үчүн бул маанилүү. Ошондой эле мамлекет тарабынан бизнести колдоо үчүн мындай чаралар көрүлүп жаткандыгы абдан жакшы. Биз муну өзүбүздөн сезип жатабыз. Бул иш-чаралардын узак мөөнөткө кабыл алынышы биз үчүн абдан маанилүү. Анткени, биз азыр багып жаткан балыктардын пайдасын 2-3 жылдан кийин гана көрөбүз. Биз үчүн туруктуулук абдан маанилүү», - деди Досаев

Ишкер кыйынчылыктар көп экендигин, бирок өкмөт туура багытта бараткандыгын жана ишкерлерди толугу менен колдоп жаткандыгын билдирди.

 

«Мурда болгон белгилүү бир кыйынчылыктар, азыр азая баштады. Биз текшерүүлөрдүн азаюусун колдойбуз - бул башкы маселе. Бизде мыйзам каалаган кагаз менен эле текшерүүнү баштоого мүмкүндүк берет. Текшерүүчү органдарга бул өтө ыңгайлуу жана пайдалуу. Мен бардык текшерүүлөргө каршымын деп айта албайм, болгону негизсиз текшерүүлөргө гана каршымын», - деди ал.

Тэги: экономика тегерек стол балык чарба Олег Досаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу