Дүйнөлүк банк өнүгүп жаткан өлкөлөргө коронавирус менен күрөшүүгө жардам бере турган фонд ачат

04.03.2020, 12:30 Акчабар
Дүйнөлүк банк өнүгүп жаткан өлкөлөргө коронавирус менен күрөшүүгө жардам бере турган фонд ачат

Дүйнөлүк банк өнүгүп жаткан өлкөлөргө коронавирус менен күрөшүүгө жардам көрсөтүү максатында Фонд ачууну пландап, бул багытта Кыргызстан менен кызматташууну карап көрүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта КР Президенти Сооронбай Жээнбеов менен жолугушууда Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактын жетекчиси Лилия бурунчук билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуудагы, социалдык тармакты колдоодогу, экономиканын алдыңкы тармактарын, өзгөчө энергетика, транспорт, санариптештирүү, билим берүү жана социалдык объекттеринин курулушун өнүктүрүүдөгү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири.

Президент Кыргызстан үчүн алдыдагы реформаларды жана стратегиялык максаттарды өнктүрүүдө жана ишке ашырууда шериктештердин колдоосу өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Л. Бурунчук Кыргызстан менен 2019-2022-жылдардагы алкактык программанын алкагындагы кызматташтык улана тургандыгын баса белгиледи.

Тэги: Дүйнөлүк банк коронавирус фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу