Дүйнөлүк банк КР вирус менен күрөшүүгө жалпысынан 21 млн доллар бөлгөн

17.06.2020, 10:00 Акчабар
Дүйнөлүк банк КР вирус менен күрөшүүгө жалпысынан 21 млн доллар бөлгөн

Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 16-июнда, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки тараптуу сүйлөшүүдө мамлекет башчысы кыргыз тараптын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жигердүү жана тыгыз кызматташууга ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Анна Бьерде  Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсеси менен активдүү өз ара аракеттешүүсүн канааттануу менен белгиледи.

Бүгүнкү күндө Банк тарабынан пандемия менен күрөшүү үчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 21 млн АКШ доллары бөлүнгөн.

Мындан сырткары, экономиканын төмөндөө шартында кризиске реакция кылып, калкка социалдык колдоо көрсөтүүдө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы долбоорлор даярдалып жатат.

Тэги: дүйнөлүк банк КР вирус пандемия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу