Акыркы эки ай ичинде Дүйнөлүк банк Орто Азия өлкөлөрүнө улуттун ден-соолугун чыңдоо жана экономиканы колдоо максатында дээрлик 370 млн долларга жакын каражат бөлгөн. Бул тууралуу «COVID-19 жана Борбор Азиядагы азык-түлүк коопсуздугу» аталыштагы онлайн-брифингдин жүрүшүндө маалымдашты.
Дүйнөлүк банк пандемияга каршы иш-аракеттерин өркүндөтүп жаткан мамлекеттерге жардам берүү үчүн кеңири масштабдуу жана ыкчам аракеттерди жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.
Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк Банк дүйнө жүзү боюнча калктын 70% жашаган, 100 өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө COVID-19 менен күрөшүү үчүн шашылыш кадамдарды жасоодо. Дүйнөлүк банк Борбордук Азиянын экономикасын калыбына келтирүү үчүн кошумча каржы тартууну пландаштырууда.