Депутат КР экономикалык кризис болорун божомолдоду

12.03.2020, 11:30 Акчабар
Депутат КР экономикалык кризис болорун божомолдоду

Азыркы учурда коронавирус илдети 118 өлкөгө жайылганы белгилүү болду. Ошонун айынан дүйнөлүк экономикалык кризис башталды. Кай жагыңа караба, жалаң каатчылык жөнүндө сөз жүрөт. Мындан Кыргызстан да четте калган жок. Ошондуктан, биз азыртан анын алдыналуу чараларын көрүп, өлкөнүн экономикалык абалына көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Эмне кылышыбыз керек? Биринчи кезекте ашыкча чыгымдардан арылышыбыз керек! Ал үчүн мамлекеттик бюджетти балансташтырып, пайдасыз тендерлерди, жөнү жок курулуштарды токтото туруу зарыл. Ошондой эле, Өкмөт экономикалык өнөктөштөр менен соода-экономикалык алакаларды доллар менен эсептешүүнү токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютага өткөрүү маселесин чечип алуусу зарыл», - деди эл өкүлү. 

Депутат Иса Өмүркулов дагы коронавирустун шарданы менен дары-дармектин баасы күндөн-күнгө өсүп, ал ортодо баягы эле шылуундар нак пайдасын көрүп жаткандыгын билдирди. 

«Коронавирустун шарданы менен дары-дармектин баасын күндөн-күнгө өсүп, ортодо баягы эле шылуундар нак пайдасын көрүүдө. Сатылып жаткан дарылардын наркы кандай болушу керек? Алардын сапаты кандай? Элибиздин саламаттыгы үчүн ким жооп берет? Көзөмөл жасап, жообун эч ким жок! Жанагы Антимонополдук кызмат эмне кылып отурат? Азыр азыр-түлүк коопсузудугу жаатындагы абал деле ушундай. Өкмөт бул маселелердин баарын колго алып, тийиштүү чараларды көрүшү керек», - деди депутат.

 

Тэги: Дүйнөлүк экономикалык кризис коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу