Депутаттар Венгрия менен кош салыкты жоюну колдошту

26.04.2021, 11:30 Акчабар
Депутаттар Венгрия менен кош салыкты жоюну колдошту

Жогорку Кеңеш “2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы кирешеге кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын сайтында маалымдалды.

Мыйзам долбоорунун бетачарына экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев катышты. Анын айтымында, келишим стандарттуу жана кош салык салууну жоюуга багытталган. Буга чейин Кыргызстан 33 мамлекет менен кош салык салуудан качуу боюнча келишимге кол койгон.

Ошондой эле, бул макулдашуу республиканын экономикасына тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу куралы катары каралат.

 

Тэги: экономика Венгрия двойное налогообложение Жогорку Кенеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу