Дыйкандар үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотулду

25.03.2022, 14:31 Акчабар
Дыйкандар үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотулду

Дыйкандар жана дыйкан чарбалары үч жылга айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыкты төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, министрлер кабинетинин 11-марттагы токтомуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленди.

Чечим президенттин "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана дем берүүнүн таасирдүү чараларынын бири болуп саналат.

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы жер салык Азамат Дыйканбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу