АКШнын президенти Джо Байден мурунку президент Дональд Трамптын иммигранттар боюнча кабыл алган указын жокко чыгарды. Бул тууралуу президенттин админстрациясы билдирди.
Трамп өлкөгө чет элдик жарандардын кирүүсүнө 2020-жылдын апрель айында тыюу салган. Бирок, өлкөнүн жаңы президенти бул чечим тескерисинче АКШга зыянын тийгизерин билдирип, жокко чыгарды.