ЕРӨБ теңге боюнча жаңы облигация чыгарды

26.02.2019, 12:00 Акчабар
ЕРӨБ теңге боюнча жаңы облигация чыгарды

Евро Азия өнүктүрүү жана реконструкция  банкы «Казахстандын фондулук биржасында» (KASE) АК  кезектеги облигациясын чыгарып, анын жалпы көлөмү 20 млрд тенге болду. Бул тууралуу эл аралык финансалык институттун  сайтында жарыяланды.

Үч жылга  деп жайгаштырылган жалпы облигациянын  номиналдуу көлөмү  20 млрд тенге, купондун жылдык ставкасы  9.70%  бааланган.

Облигацияга эл аралык кредиттик рейтинг учурдагы банктык рейтингдин баалоосунда  (Baa1)  Moody’s рейтинг агентиги тарабынан берилген. Соода жүргүзүүдө инвесторлордон сегиз  суроо талап  түшүп, ал  25 млрд теңге бааланды. Облигацияны жайгаштыруу жана листинг процессинде ЕРӨБ коштоп жүрүүчү  финансы консультанты жана андеррайтер катары «Казкоммерц Секьюритиз» АК көрсөтүлдү.

ЕРӨБ пикиринде жогорудагы жайгаштыруу казак инвесторлору тарабынан банктын облигациясына кызыгуусун жаратып, базар баасындагы туруксуздукка карабай банк облигацияларын жайгаштырууга болоорун көрсөттү. Ага карабай мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу минималдуу чекте жүргүзүлүп, каржы инструменттери ишенимдүү эмитент жайгаштыруу үчүн оң жылыштарды жана жагымдуу рыноктук шарттарды чагылдырууда.

«Казахстандын рыногу  кайра-кайра  тастыктагандай фондулук рынок теңгелик ресурстарды компаниялар  менен уюмдарга  сапаттуу  кредиттик кызмат көрсөтөрүн, быйыл жайгаштырган банктык облигациялар көрсөттү. Мындан тышкары, «Казкоммерц Секьюритиз» кезектеги ийгиликтүү жайгаштыруусу менен куттуктап, алардын колдоосуна ыраазычылык билдирем», — деп билдирди ЕРӨБ активдер менен пассивдер боюнча аткаруучу директору  Дмитрий Ладиков-Роев.

 

Тэги: ЕАБР облигации банки финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу