ЕӨБ: Кумтөрдө алтын өндүрүүнүн төмөндөшү күтүлүүдө

14.06.2022, 09:34 Акчабар
ЕӨБ: Кумтөрдө алтын өндүрүүнүн төмөндөшү күтүлүүдө

Ушул жылдын январь-мартында Кыргызстан ИДПга карата былтыркы 1,2% (2021-жылдын январь-мартында) тартыштыгын ИДПга карата 5,7% профицитке өзгөртүүгө жетишти. Бул көрсөткүч ЕӨБ макроэкономикалык баяндамасына ылайык, кирешенин 1,7 эсеге өсүшүнүн аркасында жетишилди.

Негизги салымды ИДПнын 6,8%ын түзгөн "Кумтөр" ишканасынан түшкөн түшүүлөр кошкон. Ошол эле учурда ЕӨБ талдоочулары 2022-жылы алтын өндүрүү өткөн жылдын деңгээлинен бир аз төмөн болот деп эсептешет.

"Кумтөр" кенинде алтын өндүрүү белгисиздиктин жогорку деңгээли менен байланыштуу", - деп баса белгилейт ЕӨБ.

"Кумтөр Голд Компани" өзү 2022-жылга 555 миң унция же 17,5 тонна алтын өндүрүү планын койгон, бул 2021-жылга салыштырмалуу 20,2%га көп.

 

Тэги: Кумтор Кыргызстан ЕАБР производство золота

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу