Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочулары Кыргызстанда эсептик чендин төмөндөшү 2023-жылдан эрте эмес болот деп болжошууда. Бул тууралуу банктын отчетунда айтылды.
Ошол эле учурда болжолдоо боюнча ал дароо 1,5 эсеге, азыркы 14%дан 8-9%га чейин төмөндөйт.
“Инфляциянын максаттуу көрсөткүчү 5-7% болгондо номиналдык пайыздык чендин белгиленген деңгээли алсыз чектөөчү мүнөзгө жакын болот”, - дешет талдоочулар.