Кыргызстан ЕӨБдөн түшкөн 80 млн долларды кайда жумшайт?

13.09.2022, 12:33 Акчабар
Кыргызстан ЕӨБдөн түшкөн 80 млн долларды кайда жумшайт?

Кыргызстан ЕӨБ курамына кирген Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бюджеттик колдоо алат. Бул тууралуу республиканын Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды.

Евразия өнүктүрүү фонду менен бюджеттик колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуу 2021-жылы жетишилген. Ал эми 2022-жылга республикалык бюджетти түзүүдө бюджеттин киреше бөлүгүндө Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 80 миллион доллар өлчөмүндөгү карыздык каражаттар каралган.

Каржы министрлиги бул акча Туризмди өнүктүрүү фондун, “Кыргызөнөр жай” ААКсын жана Ишкердикти колдоо фондун каржылоого жумшала турганын билдирди. Акыркысы түшкөн каражаттын эсебинен чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыяларды берет.

Мындан тышкары, аталган фонддон түшкөн акчанын эсебинен энергетика тармагына бюджеттик насыя берүү пландалууда.

“Белгилей кетүүчү нерсе, бул иш-чараларды каржылоо республиканын экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Келечекте бул мультипликативдик эффект жана бюджеттин киреше бөлүгүнө чогулган каражаттарды кайтаруу үчүн таасирин тийгизет”, - деп түшүндүрдү мекеме.

Тэги: бюджет Кыргызстана кредит ЕФСР ЕАБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу