ЕӨБ экинчи деңгээлдеги банк аркылуу бизнести каржылайт

09.12.2022, 12:17 Акчабар
ЕӨБ экинчи деңгээлдеги банк аркылуу бизнести каржылайт

Быйыл Евразия өнүктүрүү банкы чакан жана орто бизнести каржылоо үчүн Кыргызстандын экинчи деңгээлдеги банкына акча берет. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасынын орун басары Руслан Даленов “Акчабардын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

Ал ошондой эле, банктын "Куланак" ГЭСинин курулушун каржылоо планын билдирди. Долбоордун баасы 65 миллион долларды түзөт. Экинчи долбоор 2023-жылы ишке ашуусу пландалып жаткан "Акулен" ГЭСинин курулушу. Бул долбоордун баасы болжол менен 20 миллион долларды түзөт.

Даленов ошондой эле банк Кыргызстанда фармацевтика жана тамак-аш өндүрүшү тармагындагы башка долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын белгиледи. 

“Баары карыз алуучунун даярдыгынан жана долбоордун иштеп чыгуу даражасынан көз каранды”, - деди ЕӨБ Башкармалыгынын төрагасынын орун басары.

Эске салсак, 2023-жылы ЕӨБ Кыргызстанга 93 миллион доллар инвестиция салууну пландоодо. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика МСП финансирование ЕАБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу