ЕӨБ ЕАЭБде МЖӨ боюнча маалымат платформасын ишке киргизди

20.01.2023, 14:04 Акчабар
ЕӨБ ЕАЭБде МЖӨ боюнча маалымат платформасын ишке киргизди

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) өзүнүн сайтында ЕАЭБ+ аймагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө (МЖӨ) арналган атайын бөлүм ачты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Бөлүм Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандагы МЖӨнүн укуктук жана институционалдык чөйрөсү, ошондой эле МЖӨ рынокторундагы тенденциялар жөнүндө маалыматтарды камтыйт жана дайыма жаңыланып турат.

Мындан тышкары, бөлүмдө МЖӨнүн жаңы долбоорлорун демилгелөө, структуралаштыруу жана каржылоо боюнча ЕӨБ ишинин негизги багыттары менен таанышып, банк тарабынан сунушталган каржылоо инструменттери тууралуу маалымат алса болот.

Ошондой эле МЖӨ боюнча эксперттердин актуалдуу пикирлери жана бул чөйрөдөгү бизнес окуялары тууралуу маалыматтарды жарыялайт.

"Заманбап маалымат чөйрөсү өтө каныккан, бирок МЖӨ тармагында эмес. Кээ бир өлкөлөрдө МЖӨ жөнүндө маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү дагы эле жетишсиз. ЕӨБ сайтында МЖӨ бөлүмүн ишке киргизүү мүчө мамлекеттер, инвесторлор, эксперттик коомчулук жана албетте, банк үчүн узак мөөнөттүү жана ачык-айкын пайда алып келет. Жаңы маалыматтык ресурс евразиялык интеграцияны илгерилетүү контекстинде МЖӨ боюнча мыкты тажрыйба менен бөлүшүү үчүн коммуникациялык аянтча болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”, - деп белгиледи ЕӨБнын МЖӨ долбоорлору боюнча директору Светлана Маслова.

Тэги: экономика ЕАБР новости Кыргызстана новости ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу