Өндүрүш ыкмасы боюнча эсептелген ички дүң продуктунун 2019-жылдын январь-декабрь айындагы көлөмү 1 трлн 954.2 млрд $ түзгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди.
ЕАЭБ боюнча ИДПнын физикалык көлөмүнүн индекси 2019-жылдын январь-декабрь айларында 2018-жылга салыштырмалуу 101.6% түзгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын ЕАЭБдеги ИПДПга кошкон салымы 0.4% эсептелинет. Бул абдан төмөн көрсөткүч. Эң көп үлүш Россияныкы (86.5%).