ЕАЭБ мамлекеттеринде жумушсуз жарандардын саны азайды

05.03.2020, 10:45 Акчабар
ЕАЭБ мамлекеттеринде жумушсуз жарандардын саны азайды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жумушчу кызматтарында 2020-жылдын январь айынын аягында катталган жумушсуз жарандардын саны 963.9 миң адамды, же экономикалык жактан активдүү калктын 1 пайызын түздү.

Белгиленгендей, 2019-жылдын январь айынын акырына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча катталган жумушсуз жарандардын жалпы саны 3.3 пайызга азайган, бул Армениядагы жумушсуздуктун 2,4 миң адамга жана Беларусиядагы жумушсуздуктун 4,8 миң адамга азайгандыгына байланыштуу болгон.

Бирок, Казакстан, Кыргызстан жана Орусияда жумушсуз жарандардын саны тескеринче, көбөйгөндүгү байкалууда. Муну менен, Казакстан Республикасында жумушсуз адамдардын саны 5,1 миң адамга, Кыргыз Республикасында 3,1 миң адамга ал эми Орусияда 33,7 миң адамга көбөйгөн.

Тэги: ЕАЭБ жумушсуздук кыскаруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу