ЕАЭБге унаа каражаттары киргизилбейт деген маалымат жалган

05.05.2020, 09:10 Акчабар
ЕАЭБге унаа каражаттары киргизилбейт деген маалымат жалган

Кыргызстандын Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы аймагында болгон чет элдик жеке унаа каражаттарынын убактылуу киргизилишинин мөөнөттөрүнүн узартылышы боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтен билдиришкендей, айрым ММКларда жана интернет булактарында 2020-жылдын 1-мартынан 30-сентябрына чейин ЕАЭБ аймагына жеке пайдалануу үчүн унаа каражаттарын киргизүүгө тыюу салынганы, ошондой эле ал убактылуу көрүлгөн чара экени, коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында жасалганы тууралуу маалымат чыккан.

«Ал маалымат туура эмес. Себеби, 2020-жылдын 29-апрелинде өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин отурумунда жеке пайдалануу үчүн унаа каражаттарын алып келүүгө тыюу салуу маселеси эмес, коронавирустун жайылышына байланыштуу ЕАЭБдин бажы аймагынан унаа каражаттарын кайра алып чыгууга болбогондуктан убактылуу киргизилишинин мөөнөтү (1 жыл) аяктап жаткан, ЕАЭБдин бажы аймагында болгон чет элдик жеке унаа каражаттарынын киргизилишинин мөөнөтүн узартуу маселеси каралган», - деп айтылат маалыматта.

Жогоруда айтылган жагдайларды эске алып, кырдаалды жөнгө салуу үчүн ЕЭКтин кеңеши 2020-жылдын 1-мартынан 30-сентябрына чейин аяктай турган унаалардын убактылуу киргизилишинин мөөнөтүн токтотуп турууну чечкен.

Тэги: ЕАЭБ автоунаа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу