ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ишканалары Беларусияда өз филиалдарын ача алышат

05.03.2020, 10:30 Акчабар
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ишканалары Беларусияда өз филиалдарын ача алышат

Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясы, Беларусиянын аймагына биримдиктин юридикалык жактарына филиалдарын ачуу боюнча чечимин кабыл алды. Эми Белорусия ЕАЭБдин укугун аткаруу боюнча билдирүүлөрдү бере алат.

Беларус Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, чет элдик жарандардын өлкөнүн аймагында филиалдарын ачууга укугу жок.

ЕЭКтин ички рыноктору, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Гегам Варданян белгилегендей,  ЕАЭБ тууралуу келишим анын мүчөлөрүн биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарына кандайдыр бир ишкана негиздөөдө ошол мамлекеттин жарандары менен тең деңгээлдегидей шарт түзүп берүүгө милдеттендирет.

Азыркы учурда филиалдарды Беларустан башка баардык мамлекеттерде ачууга болот»,-деди Гегам Варданян.

Ошондой эле жыйында Беларус Жарандык кодекске керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү даярдап жаткандыгы айтылган.

Талкуунун жыйынтыгы менен Беларус Республикасын кызматтарды сатуу, негиздөө жана республиканын аймагында юридикалык жактардын филиалдарын ачуу менен инвестиция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн тартуулоо тууралуу Протоколун аткаруусунун керектиги тууралуу кабарлап туруу чечими кабыл алынды.

Тэги: ЕАЭБ ишканалардын филиалдары Бел

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу