ЕАЭБге товарларды ташып кирүүдө экспорттоочуларда электрондук эсеп-фактура болушу керек

17.02.2022, 15:13 Акчабар
ЕАЭБге товарларды ташып кирүүдө экспорттоочуларда электрондук эсеп-фактура болушу керек

Кыргызстандын жүк ташуучуларында товарларды Казакстандын аймагына жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын болушу автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок ал жок болгон учурда, багыттоо пунктунда тиешелүү контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт.

Мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Белгилей кетсек, иш-чарага кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ алкагында өз ара соодада бузууларды азайтууга багытталган эки өлкөнүн фискалдык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты.

 

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы QR-код ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу