ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө жардам берүүнү көздөп жатат

03.07.2021, 12:00 Акчабар
ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө жардам берүүнү көздөп жатат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы энергетика тармагында иштөөнү максат кылат. Бул тууралуу ЕРӨБдүн президенти Одиль Рено-Бассо Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен видеоконференция форматында жолугушууда билдиргенин президенттин басма сөз кызматы жазды. 

Мындан тышкары, ЕРӨБ Президентинин айтымында, банк жаңы жумуш орундарын түзүүнү, текстиль жана туризм тармагында жардам көрсөтүүнү, ошондой эле калкты суу менен камсыздоо маселесинде колдоо көрсөтүүнү көздөп жатат.

Өз кезегинде мамлекет башчысы Кыргызстан менен ЕРӨБ биргелешип экономиканы турукташтыруу жана өлкө үчүн экономикалык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча антикризистик чараларды ишке ашыра аларына ишенерин билдирди. 

Тэги: экономика ЕБРР Садыр Жапаров инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу