ЕТӨБ Кыргызстанга 28 млн.€ бөлүшү мүмкүн

13.09.2019, 10:30 Акчабар
ЕТӨБ Кыргызстанга 28 млн.€ бөлүшү мүмкүн

ЕТӨБ суу менен камсыз кылуу боюнча 5 бирдиктүү долбоорго 28 млн.€ бөлүшү күтүлүүдө.  Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен ЕТӨБдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билинди. 

Эл аралык банк бул каражатты Жалал-Абад, Мырзаке-Куршаб, Кербен, Нарын жана Исфана шаарларына суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашырууга жумшайт. 

ЕТӨБ буга чейин Кыргызстанга 730 млн. $ ар түрдүү экономикалык багыттагы инвестиция жумшаган. Алардын ичинен, бөлүнгөн инвестициялар энергетика тармагына – 5%, каржы институтуна – 24% жана өнөр-жай, соода, агросекторго – 18%, жеке секторго 53% түзөт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу