«Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» энергетика тармагындагы ачыктыкты көрсөтөт

30.10.2019, 13:32 Акчабар
«Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» энергетика тармагындагы ачыктыкты көрсөтөт

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коомуна барды.

Ишкананын башкы директору Талайбек Байгазиев энергетикалык эсептөө борборун ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө айтып берди. 

Анын айтымында, «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААКта 2019-жылдын июль айынан бери көп иштер жасалды.  Энергетикалык компаниялардан жөнөтүлгөн кызматкерлер менен компаниялар арасында дагы, дегеле жалпы энергетика тутуму боюнча электр энергиясына эсептешүү маалында баланс түзүү үчүн форма, таблица жана маалымдамаларды иштеп чыгуу боюнча жумуштар аяктап калды. Электр энергиясын каттай турган бириккен жабдууларды түзүү процесси учурда активдүү фазада, ошондой эле эркин баланс үчүн энергетика компанияларынан маалыматтарды чогултуу уюштурулду.  Ата мекендик энергетика тутумундагы энергетикалык объекттер боюнча иерархиялык «дарак» түзүлдү. Мындан тышкары GIS картасына кошулган электр станцияларды жана кубаттуулугу 110-500 кВ болгон 197 көмөк чордонду туташтыруунун бардык каттоо чекити жана схемасы киргизилди.

Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору электр энергиясын жоготуулар, балансты түзүү, рыноктун бардык катышуучуларынын эсептөөлөрүн жүргүзүү боюнча маалыматтарды борбордоштуруу максатында түзүлгөн. Борбордун милдети республиканын электр энергетика тутумунун бардык катышуучуларынын ишин жөнгө салуу жана эсептөөлөрдүн бирдиктүү тутумун киргизүү аркылуу алардын ортосунда өз ара аракеттешүүнү иштеп чыгуу болуп саналат.

 

Тэги: энергетика КЭРЦ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу