Кантты импорттоого бажы алымдарын нөлгө түшүрүү мөөнөтү узартылды

21.06.2022, 14:34 Акчабар
Кантты импорттоого бажы алымдарын нөлгө түшүрүү мөөнөтү узартылды

Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин (ЕЭК Кеңеши) кезексиз жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

ЕЭК Кеңешинин жыйынында 6 маселе каралды. 

Атап айтканда, кеңешменин жыйынтыгы боюнча айыл чарба жабдууларынын айрым түрлөрүнө Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдарын белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынды.

ЕЭК Кеңеши тарабынан ошондой эле 2022-жылдын 31-октябрына чейин өлкө аймагына кантты жана чийки кант камышын ташып кирүүдө бажы алымдарын нөлгө түшүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

ЕЭК Кеңешинин башка чечими менен Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 877 чечимине 2022-жылдын 1-февралына чейин жеке пайдалануудагы айрым транспорттук каражаттарды шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу тутумдары/түзүлүштөрү (ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан киргизилген) менен камсыз кылбоо тууралуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин чечими менен Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти бекитилди, анда пландык контролду сертификатташтыруу мөөнөтү 2022-жылга туш келген учурда тиешелүү орган (арыз боюнча) технологиялык процесстин өзгөрбөстүгү жөнүндө даярдоочунун каты болгон учурда мындай контролду 12 айга чейин жылдыруу чечимин кабыл алууга укуктуу.

Ошондой эле, жыйынтыгында ЕЭК Кеңешинин кезектеги отурумун июль айында Витебск шаарында (Беларусь Республикасы) өткөрүү чечими кабыл алынды.

Тэги: сахар таможенная пошлина Кыргызстан ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу