ЕЭК товардын келип чыккан өлкөсүн аныктоо боюнча жумушчу тобун түздү

30.07.2020, 09:00 Акчабар
ЕЭК товардын келип чыккан өлкөсүн аныктоо боюнча жумушчу тобун түздү

ЕЭК мамлекеттик сатып алуулар боюнча консултативдик комитетинин отурумунда аталган комитеттин алдына жумушчу топту түзүү тууралуу чечими кабыл алынды. Аталган жумушчу топ ЕАЭБ аймагындагы товарлардын келип чыккан өлкөсүн аныктоо маселелерин ишке ашырат. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында айтылат.

Ал евразиялык өнөр жай продукциясын киргизүү эрежелерин иштеп чыгууну, жана мамлекеттик сатып алуулар максаттары үчүн ЕАЭБ аймагындагы товардын келип чыгышын тастыктоо тартибин ишке ашыра тургандыгы айтылууда. 17 июлда Минск шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинде учурдагы комиссияга аталган документтерди жыл аягына чейин иштеп чыгып, бекитүү тапшырмасы берилген.

Ишти Россия Федерациясынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген  товардык позициялардын тармактык белгилерине карта чогулган төрт кичи топ аткарат.

Биринчи топ станок курулушу, энергетикалык машинекурулушу, электротехникалык жана кабелдик өнөр жай, кеме куруу продукциясын карайт; экинчиси- автомобил куруу жана темир жол машине курулушун; үчүнчүсү – атайын машине курулушун; төртүнчүсү – эмерек жана жыгач иштетүү өнөр жайын, компрессордук жана муздатуу жабдыктарын, жеңил өнөр жай продукциясын, химиялык жана нефть-газ химиялык продукциясын.

Товарларды идентификациялоодо негиз катары ЕАЭБдин ББТ коддорун колдонуу сунушталууда.

Тэги: ЕАЭС ЕЭК прохождение товара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу