ЕЭК Кыргызстанда чыгарылган унааларды сертификациялоону жөнөкөйлөштүрдү

20.05.2022, 10:43 Акчабар
ЕЭК Кыргызстанда чыгарылган унааларды сертификациялоону жөнөкөйлөштүрдү

Кыргызстанда чыгарылган автоунаалар 2023-жылдын 31-декабрына чейин жөнөкөйлөтүлгөн сертификация процедурасынан өтөт. Мындай чечим Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин жыйынтыгында кабыл алынды.

Белгиленгендей, буга чейин мындай мүмкүнчүлүк техникалык регламенттерде транспорт каражаттарына бирдиктүү талаптарды белгилөө боюнча Женева макулдашуусунун катышуучулары болгон мамлекеттер үчүн каралган. Норма өндүрүүчү өндүрүштүн башталышын кийинкиге калтырбашы жана продукцияны сериялык чыгаруу үчүн зарыл болгон сертификаттоо иштерин бир эле учурда жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн белгиленген.

“Бирок, Кыргыз Республикасы ЕАЭБдеги Женева келишимине мүчө боло элек жалгыз өлкө. Учурда кошулуу жол-жобосу жүрүп жатат, ошондуктан ЕЭК Кеңеши жаңы өндүрүштү баштоодо жана Женева макулдашуусуна мүчө болбогон мамлекеттин аймагында шайкештикти баалоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосун колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө түзөтүү киргизди”, - деп айтылат ЕЭК билдирүүсүндө.

Белгилүү болгондой, Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин биринде техникалык регламенттерде белгиленген тартипте жүргүзүлгөн продукциянын шайкештигин баалоонун натыйжалары боюнча түзүлгөн документтер Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин бардыгында жарактуу.

Тэги: производство автомобилей техрегламент ЕАЭС Сделано в Кыргызстане

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу