ЕЭК кумшекерди пошлинасыз импорттоо түрүндө тарифтик жеңилдик берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Мындай чечим ЕАЭБдин кант рыногун турукташтыруу максатында кабыл алынганын Евразия экономикалык комиссиясынын сайты жарыялады.
ЕЭК соода министри Андрей Слепневдин айтымында, ЕЭК коллегиясы биримдик мамлекеттери менен бирге ай сайын шекердин импорттолгон көлөмүн тарифтик концессияны колдонуу менен текшерип турат. Өз кезегинде, алымдан бошотулган канттын көлөмү төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
"Кант базарындагы бааларга байланыштуу кырдаалды эске алып, ушул жылдын июль айында эгерде зарыл болуп калса, турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө маселени карап чыгуу үчүн макулдашканбыз", - деди Слепнев.
Тарифтик жеңилдик ушул жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин уланарын кошумчалайбыз.