Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну, Көчмөндөр оюндарындагы көргөзмөгө өзү жасаган ээр-токумдарды көрсөттү. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазат.
Сүйүнаалы Момунбаевдин айтымында, ал көп жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет.
“Мен Ак-Талаа районунан келдим. Ар кандай кооздуктагы жана күмүштөн жасалган ат-жабдыктарын көргөзмөгө алып келдим. Кол өнөрчүлук биздин тукумда бар. Атам жана чоң атам – өлкөнүн эн алдыңкы усталарынан болушкан. Ата-бабанын жолун жолдойун деп чечтим.”
Кыргыздар илгертеден бери ат жабдыктарын баалап келгендигин кошумчалады жана ал өзүнүн кол эмгегин 100 000 сомго баалоодо.
“Бул жүз миң сомго бааланып жаткан ат жабдык 2 айдын ичинде жасалып бүттү. Баары колго жасалган. Атайын машина колдонулган жок. Баардыгы кооздугуна кызыгышууда. Андан сырткары кур жасайм. Алларды көбүнчө маданий инсандар буйрутмага берип, жасатышат” – деп билдирди.