Экономика 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет – АӨБ

23.09.2021, 09:30 Акчабар
Экономика 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет – АӨБ

Былтыркы рецессиядан кийин тоо-кен жана соода активдүүлүгү өскөндүктөн, Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын жылдык отчетунда айтылды.

АӨБ эксперттери белгилегендей, Кыргыз Республикасында экономикалык өсүш 2021-жылы 3,5%, 2022-жылы 5% деңгээлинде болжолдонууда.

"Кыргыз соода өнөктөштөрүнүн алгылыктуу божомолдорун эске алуу менен, биз АӨБдө, өлкө COVID-19дун таасирин сезүүнү улантып жаткандыгына карабастан, кызмат көрсөтүү секторунун калыбына келүүсү менен экономикалык өсүшкө оптимисттик көз караштабыз", - деди АӨБнын Кыргыз Республикасы боюнча директору Канокпан Лао-Арая.

Өткөн жылы АӨБ Кыргызстан үчүн COVID-19га каршы 70 миллион доллар бөлгөн. 2020-жылдын май айында пандемиянын социалдык-экономикалык таасирин азайтуу үчүн 50 миллион долларлык кредит жана грант пакети бекитилген. Өкмөткө саламаттык сактоо тармагын чыңдоого 20 миллион доллар чукул жардам үчүн каражат берилген.

Тэги: АБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу