Forbes Asia кыргызстандык иишкерди келечектүү бизнесмен деп тааныды

02.04.2019, 11:00 Акчабар
Forbes Asia кыргызстандык иишкерди келечектүү бизнесмен деп тааныды

Forbes Asia төрт жылдан бери Азия менен Тынч океан аймагындагы алдынкы жаш, таланттуу ишкерлерди изеп келишет. Forbes «30-30 » отуз жашка чейинки ишкерлер боюнча тизмесине биринчи жолу кыргызстандык ишкер кирди.

 Forbes Asia жаш ишкерлер тизмесине 23 мамлекетин бизнес өкүлдөрү кирди. Бул категорияда жеңүүчү болуп Монголия, Казахстан, Кыргызстан менен Лаос өлкөлөрү алдыга чыкты. Бул мамлекеттер тизмеге биринчи чыкканы, жеңишке жетишкени аларга болгон кызыгууну ого бетер артырды. 

Forbes Asia тизмесине 29 жаштагы кыргыз бизнесмени Дастан Өмүралиев кирди. Ал Бишкекте туулуп, ушул шаарда чоңойгон. Алма-Атадагы Казахстандын менеджмент, экономики  жана болжолдоо институтун (КИМЭП) «бизнести-башкаруу» факультетинде билим алган. Учурда жаш жигит  Ecoproduct Asia компаниясын  2013-жылы негиздеп, анда нагыз жер-жемиштерден  ширелерди өндүрүп келет.  Учурда бул Ecoproduct Asia атамекендик өндүрүүчүлөрдүн алдына чыккан. 

 Forbes Asia талапкерлери тыкыр текшерүүдөн кийин иргелет. Изилдөөчү команда 500 жарым финалга чыккандардын  болжолдуу тизмесин (шорт-лист) түзүп,  алар калыстар тобу менен эксперттер тарабынан текшерилип баа берилет. Тизмеге болгону 300  бизнесмен кирип, алардын лидерлик позициясы, жетишкен ийгилиги ишкердик духу эске алынат. 

Тэги: Forbes Asia предпринимательство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу