КР Экономика министрлиги Казакстандын ЕАЭБ жана ДСУ органдарына берген даттануусуна жооп кайтарды

03.03.2020, 17:00 Акчабар
КР Экономика министрлиги Казакстандын ЕАЭБ жана ДСУ органдарына берген даттануусуна жооп кайтарды

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулгандан жана кыргыз-казак чек арасында бажы контролун алып салгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү жана салык төлөө документтери жок эсепке алынбаган товарларды ташуу фактылары же алып келинген товардын баасын жана көлөмүн төмөндөтүү менен такталбаган маалыматтардын чагылдырылышы бир топ көбөйгөн, бул Кыргыз Республикасынын стратегиялык жана экономикалык коопсуздугуна олуттуу таасир тийгизет. Бул тууралуу КР Экономика министри ЕАЭБ жана ДСУ (Дүйнөлүк соода уюму) органдарына Казакстан Республикасынын даттануусуна расмий пикир берип жатып билдирди.

Маалыматта Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүнү бузуу фактылары кыйыр салыктарды төлөөгө контролду күчөтүү боюнча чараларды караган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу зарылчылыгынын бирден бир себеби болуп калгандыгы айтылат.

 

«Контролдук баалардын минималдык деңгээли, товарлардын наркы төмөндөтүлгөн фактылары табылганда же алып келинүүчү товардын иш жүзүндөгү наркы ырасталбаганда салык салынуучу базаны аныктоо максатында гана киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

 

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 18-тиркемесине ылайык («Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана аларды төлөөнү контролдоо механизмдери жөнүндө Протокол») ЕАЭБге мүчө мамлекет КНС төлөөнүн толуктугу үчүн бааны аныктоонун механизмдерин колдонууга толук укуктуу.

Бул укук жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун 18-пунктунда бекитилген («18-п. Кыйыр салыктарды төлөөнүн толуктугун камсыз кылуу үчүн мүчө мамлекеттин салык салуу максатында бааларды аныктоо принциптерин жөнгө салуучу мыйзамдары колдонулушу мүмкүн»).

Белгиленгендей, бул маселе ЕЭК аянтчасында каралган жана аталган механизмдин укук ченемдүүлүгү жөнүндө аныктама берилген бирок ошону менен бирге ушул механизмди колдонууда басмырлоо аракети жөнүндө Кыргыз Республикасынын кабарландыруусу чыгарылган, ушуга байланыштуу, улуттук мыйзамдарды Бирликтин укугуна ылайык келтирүү зарыл.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалган, анда бул механизм ата мекендик өндүрүүчүлөргө жайылуу тууралуу көрсөтүлгөн. Бул мыйзамдын долбоору КР Жогорку Кеңешинин кароосунда турат.

Бүгүнкү күндө ДСУ кабарлоосуна келсек, азыркы учурда ДСУ системасында Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аракеттерине даттануу менен кандайдыр бир кайрылуунун түшкөндүгү байкалган эмес.

 

Тэги: Казакстан Кыргызстан ЕАЭБ даттан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу