Экономика министрлиги: беш айда Кыргызстандын экономикасы 4,8% төмөндөдү

16.06.2020, 17:30 Акчабар
Экономика министрлиги: беш айда Кыргызстандын экономикасы 4,8% төмөндөдү

2020-жылдын беш айында Кыргызстандын экономикасы 4,8% төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министринин милдетин аткаруучу Санжар Муканбетов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин 16-июндагы жыйынында билдирди.

 

Депутат Аалы Карашевдин суроосуна жооп берип жатып, Муканбетов жыл соңуна чейин ички дүң өнүм (ИДӨ) былтыркы жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 5,3% чейин төмөндөшү мүмкүндүгүн кошумчалады. Анын айтымында, быйыл тейлөө жана курулуш тармагы артка кетиши ыктымал. Өкмөттө эки анткризистик программа бар, 2020-2021-жылдар үчүн үчүнчү программа иштелип жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2020-жылдын январь-май айларында, алдын ала баалоо боюнча 186 миллиард сомдон ашты. Бул көрсөткүч 2019-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 4,8 пайызга аз.

«Кумтөр» алтын кенин эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-май айларында ички дүң өнүмдүн көлөмү 161 миллиард сомду түзүп, 6,4 пайызга азайган.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү 590 миллиард сомдон ашкан.

Тэги: Экономика министрлиги Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу