Экономикалык чакырыктарды жумшартууга багытталган Антикризистик чаралар иштелип чыкты

21.03.2022, 14:00 Акчабар
Экономикалык чакырыктарды жумшартууга багытталган Антикризистик чаралар иштелип чыкты

Дүйнөдөгү абалды эске алуу менен министрлер кабинети тарабынан учурдун экономикалык чакырыктарын жумшартууга багытталган Антикризистик чаралар иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына карата өтүп жаткан салтанаттуу иш-чаранын жүрүшдө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, салык жана бажы кызматы тарабынан чоң иштер аткарылды. Быйыл 2 айдын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 млрд сомго ашык каражат чогултулду. 

"Айыл-чарбасын колдоо максатында дыйкандарды жер салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды, ал эми 8 млн сомго чейин киреше тапкандар салыктан таптакыр бошотулду. Аны менен бирге эле быйыл өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүгө 26 млрд сом бөлүндү,  ал эми фермерлер үчүн жеңилдетилген кредиттер боюнча пайыздык ставка болгону 6%ды түзөт”,- деди ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы кластердик негизде иштеген ишканаларга – 9 млрд сом, үрөн сатып алууга – 1,5 млрд сом жана ирригацияны өнүктүрүүгө жана сугат жерлеринин аянтын көбөйтүүгө 1,1 млрд сом бөлүнгөнүн бегиледи.

“Биргелешип аракет кылуу менен гана элдин жыргалчылыгына, өлкөнүн экономикалык гүлдөп-өнүгүшүнө жетише алабыз!”,- деп кошумчалады Жапаров.

Тэги: Нооруз майрамы антикризистик план Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу