Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди

11.05.2020, 15:00 Акчабар
Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, ишмердүүлүк чөйрөлөрүнүн тизмеси иштелип чыккан критерийлерге ылайык жана анын өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга таасирин эске алуу менен иштелип чыккан.

2020-жылдын 11-майынан тартып карантиндик режимде финансылык жана башка кызмат көрсөтүүлөр, калкты тейлөө кызматтары, сооданын айрым багыттары жана массалык маалымат каражаттары чөйрөсүндөгү уюмдардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди. Карантиндик шарттарда санитардык ченемдерди сактоо үчүн жоопкерчилик өз ишин баштаган ишканалардын ээлерине/жетекчилерине жана жеке ишкерлерге жүктөлөт.

Белгилей кетсек, COVID-19 инфекциясынын жайылышынын жаңы тобокелдиктеринин пайда болушуна жол бербөө максатында бул баскычта коомдук унаалар иштебейт.

Карантиндик режимде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмесин билүү үчүн бул шилтемени басыңыз. 

 

 

Тэги: Экономикалык ишмердүүлүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу